Кыргызстан боюнча 2014-жылы кабыл алынган арыздардын негизинде тез аранын ичинде 9862 адам ID-card, 12 379 адам жалпы жарандык паспорт алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде КРнын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө шашылыш түрдөгү документтештирүү боюнча Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Сокулук районунда 4 бөлүм иш алып барат. Тез арада даяр болуучу жалпы жарандык паспортту персонификациялоонун баасы 1076 сом турат. Ал эми ID-card 620 сомду түзөт.