"Каттоого алынган балдарды дарылоо убактысы оор же жеӊил формасынан көз каранды. Кээ бири 2 аптада, айрымдары 2 ай бою дарыланат. Быйыл 3 айдын ичинде эле аталган оору менен жабыркаган 5 бала катталды. 2013-жылы 12 бала катталган эле",- дейт Р.Мотушева.
Маалыматка ылайык, гемофилия тубаса тукум куучу кан оорусунун бир түрү жана кандын көп агышы менен мүнөздөлгөн дарт. Дарт кандын курамындагы сегизинчи жана тогузунчу кан уютуучу фактордун жетишсиздигинен улам пайда болот. Эгер адамда 8-фактор аз болсо, гемофилиянын А түрү деп аталат. 9-фактор аз болсо, Б түрүнө кирет.