Бишкекте бензиндин жана дизелдин баасы 50 тыйынга, ал эми аймактарда 1 сомго чейин арзандады

Кыргызстанда Аи-80, Аи-92 жана Аи-95 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литринин баасы 50 тыйынга төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде “Нефтетрейдерлер” ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусу боюнча Аи-80, Аи-92 жана Аи-95 бензини гана эмес, дизелдин да баасы 50 тыйынга арзандады. Жалал-Абад облусу боюнча Аи-80 жана Аи-95 бензининин баасы 50 тыйынга, Аи-92 жана дизель 80 тыйынга төмөндөдү. Ал эми Баткен облусу боюнча бензиндин жана дизелдин баасы 1 сомго түштү. “Республика боюнча бензин жана дизелдин баасынын төмөндөшү арзаныраак сатылып алынган мунай затынан улам болду”,- деп белгилейт нефтетрейдерлер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан