Кечээ, 17-апрелде Алай районунун Нура айылында 5 орундуу оорукананын ачылыш аземи болуп өттү. Ага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сороонбай Жээнбеков, Алай районунун акими Таалай Сарпашов жана жергиликтүү тургундар катышты. Сооронбай Жээнбеков оорукананын символикалык ачкычын "Алай айыл-курулуш" ишканасынын жетекчиси Ж.Нуралиевге тапшырды. Бул тууралуу Алай районунун администрациясынын басма сөз катчысы Аскар Машеров билдирди.
Андан тышкары С.Жээнбеков Сары-Таш айыл аймагындагы Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там жолунда жайгашкан Тоң-Мурун ашуусундагы жол оңдоо пункту менен таанышты.