Өкмөт жооп берет: Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин аскерде кызмат өтөсө болобу?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин аскерде кызмат өтөсө болобу? Кандай документтерди чогултуп, кайсы органга тапшыруу керек? Аскердик кызматты ЖОЖдон кийин өтөсө кандай наам алат? Ал эми мектепти бүткөндө аскердик кызматты өтөсө кандай наам берилет? Ошондон кийин эле күч түзүмдөрүндө иштеп кетсе болобу? Аскердик наамы кайсыга чейин көтөрүлөт? Суроо калтырган _ХхХ_

Жооп: - Жогорку билими бар уландар аскердик кызматты өтөсө болот. Алар 1 жыл мөөнөттүү аскер кызматын өтөшөт. Андан кийин жүрүш-турушу жана тартиби, кызмат өтөө учурунда көрсөткөн жетишкендиктери жакшы болсо, атайын 1 айлык жыйынды аяктап, текшерүү сынактарын ийгиликтүү тапшырса, запастагы лейтенант наамы берилиши мүмкүн. Каттоодо турган райондук аскер комиссариатынан толук маалымат алсаңыз болот. 

Мектепти аяктагандан кийин 1 жылдык анык аскердик кызматты өтөсөңүз, аскердик наам берилбейт. Бирок кызматта ийгиликтерге жетишип, кенже командирлердин катарына кошулсаңыз, сержант наамы ыйгарылышы мүмкүн. Эгер андан ары аскердик кызматты улайм десеңиз, келишимдик негиздеги кызматка чакырыласыз.  

Суроого Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
legenda23
2014-04-19 03:17:27
болот,министерство оборонага барасын 9 айдан кийин офицерский сборго барасын 1 ай анан лейтенант аласын кийин военный училищеде окугандардай еле иштей бересин полковнике чейин жетесин анан генералдыка Москвага барып окуйсун 3 ай болуш керек полковник болосун 18 жылда эч эрдик кылбасан дагы,бирок воен.училищени бутпогонун учун воен.училищени буткондор педжак деп коюшат(ушул жол он.окууну бутуп ишке киралбай журсон керек военный алат созсуз айлыгын 12-15 болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан