Бишкекте кечээ, 17-апрелде КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде “Кыргызстандын окуу китептеринин сапатын анализге алуу” темасында тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Аталган иш-чаранын негизги максаты - окуу китептеринин сапатын жана мазмунун жакшыртуу” деп белгилейт министрликтен. |
Тегерек стол КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, окуу китептеринин авторлору
жана иштеп чыгуучулары, ЮНИСЕФ көз карандысыз эксперттери жана басмаканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.