«Жалал-Абад электр» ачык акционердик коомуна тиешелүү электр жабдууларын жаңыртуу, оңдоп-түзөө иштери Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында улантылып жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз катчысы Жыпариза Уметалиева бүгүн, 18-апрелде билдирди.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө «Кашка-Терек» 35/10 кВт көмөк чордонунун 10/кВт өчүргүчтөрүндөгү тетиктерди алмаштыруу аяктады. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын карамагындагы Курманбек жана Жалалов көчөлөрүндө кошумча трансформатор коюу жумуштары жүрүп жатат.
Кошумчалай кетсек, "Жалал-Абад электр тармактары" ишканасы тарабынан жыл жаңыргандан бери 4 жаңы трансформатор орнотулган.