Бишкектин куткаруучулары бир аптада 217 телефон чалууларга жооп берип, 20 жолу куткаруу иштерине чыгышкан. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-17-апрель аралыгында Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары 7 адамга жардам көрсөтүшүп, 1 адамдын өмүрүн сактап калышкан. Бир апта ичинде жалпы телефон чалуулардын саны 197ге жетип, кайрылгандар тиешелүү кеңештерди алышкан.
Андан сырткары 17-апрелде ӨКМнын Бишкек шаарындагы Куткаруу кызматынын куткаруучулары “Куткаруучулар аллеясына” 10 түп балаты отургузушту.