Бүгүн, 18-апрелде Арча-Бешик жаңы конушунда бала бакча куруу маселеси жаңжал жаратты. Саат 11:00 чамасында жергиликтүү тургундар өз демилгеси менен ушул маселени чечүүгө экинчи тарапты жана Бишкектин мэриясынын тиешелүү органдарын чакырды.
“Арча-Бешик-73 дарегинде аймактык мектептин жанында мамлекеттик бала бакча, эмкана жана милиция таяныч пунктуна 70 чакты сотых жер тилке бөлүнгөн. 2005-2010-жылдардын аралыгында бийлик алмашуулардын кийин курулуш токтоп калган. Ошол учурда айрым бийлик өкүлдөрү өз абалынан пайдаланып, бир нече жаранга жеке үйлөрдү курууга расмий уруксат берген. Учурда ушул курулуш иштери башталып жатат. Биз ага каршылыгыбызды билдирип, бүгүнкү жолугушууну уюштурдук. Мындан тышкары президентке, башкы прокурорго, Жогорку Кеңешке жана тиешелүү органдарга катты даярдап, кол чогултуп, жөнөтмөкчүбүз”,- дейт жергиликтүү тургун Эркинай Жыргалбекова.
Анын айтымында, аймакта мамлекеттик бала бакча жок. Ошондуктан Арча-Бешиктин тургундары балдарын кымбат жеке мекемелерге айласыз алып барып жатышат.
Экинчи тараптын маалыматына ылайык, 2012-жылы алар жеке үйлөрүнүн мыйзамдуу курулушуна уруксат берүүчү Кызыл китептерине ээ болушкан. Колунда бардык далилдөөчү документтер бар экени да белгилүү болду.
Ал эми Бишкектин мэриясынын Жеке турак жай курулуш боюнча департаментинин башчысы Самарбек Болотбековдун айтымында, Ленин райондук администрациясы 2005-жылдын токтому менен Бишкектин бир нече жарандарына жер тилке бөлүп берген. Мындан тышкары буга аталган департаменттин тиешеси жок экенин баса белгиледи. Андан соң мэрия өкүлү экинчи тарапка кайрылып, “Курулуш иштерин токтоткула. Эгер куруу иштери башталса, мен Административдик кодекстин негизинде силерге чара көрө алам” деди. Андан соң жергиликтүү тургундардан ушул маселе боюнча прокуратурага кайрылууну суранды.