2013-жылы гемофилия менен ооруган 96 бейтап канга керектелүүчү атайы даярдалган дарылар менен камсыздалган 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу Кыргызстан боюнча 2013-жылы гемофилия менен ооруган 96 балага 478750 ЭБ кан факторлорунун концентраттары (канга керектелүүчү атайы даярдалган дары-дармектер) сарпталган. Мындай маалымат фонддун расмий сайтында жарык көрдү.     

Маалыматка ылайык, 2013-жылы Бишкек шаары боюнча 12 бейтап 74500 Эл аралык бирдик (ЭБ) менен камсыз болгон. Баткен облусунан 4 бейтап 13000 ЭБ, Нарын облусунан 13 бейтап 38250 ЭБ, Баткен облусунан 13 бейтап 38750 ЭБ, Жалал-Абад облусунан 15 бейтап 59750 ЭБ, Чүй облусунан 9 бейтап 38250 ЭБ, Талас облусунан 8 бейтап 49000 ЭБ, Ысык-Көл облусунан 12 бейтап 69500 ЭБ, Ош облусунан 23 бейтап 136000 Эл аралык бирдиктеги каражат алган.   

Бул көрсөткүч бейтаптардын жалпы санына жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун квартал сайын берилүүчү отчётторунун негизинде чыгарылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан