Эртең, 19-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Арча-Бешик конушундагы (Термечиков, Бердибаев, Чатыр-Көл, Сандык-Төр, Эр-Тайлак көчөлөрүндө), Ала-Тоо конушундагы (Ак-Булак, Орто-Арык көчөлөрүндө), Кара-Жыгач конушундагы (Темир-Тал, Келечек-Таш, Көк-Ойрок көчөлөрүндө), Көк-Жар конушундагы (Көк-Жайык, Чар, Кулмурзаев көчөлөрүндө), Бакай-Ата конушундагы (Анар), Эне-Сай конушундагы Лущихина көчөсүндө "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери улантылат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.
Эсептегичтерди орнотуу иштерине байланыштуу аталган аймактарда электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт.