Баткен облусунун Зардалы айылындагы жарылуудан жабыркаган балдардын бири Ош шаарына жеткирилди. Бул тууралуу Баткен облустук ооруканасынын башчысы Тургунбай Айжигитов билдирди.
“Жабыркаган балдардын бири Топчубай уулу Санжарбек көзүнөн жараат алган. Бүгүн аны Ош шаарына котордук. Ал эми калган балдардын абалы жакшы”,- деди Тургунбай Айжигитов.
Айта кетсек, кечээ, 17-апрель күнү саат 18:00 чамасында Баткен облусунун Зардалы айылында 6 жаш бала 1999-жылкы Баткен согушунан калган граната таап алышкан. Анан аны менен ойноп жатышканда ал жарылып кеткен. Балдардын бири ошол жерден, бири жолдон каза болгон. Калганы ар кандай деңгээлде жараат алышкан.