Ак-Сай айылынын тургундары менен ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жолугушту

Кечээ, 18-апрель күнү Баткен районунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жолугушту. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда Баткен району менен Исфара районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарында түзүлгөн эки элдин тирешүүсү боюнча кеңири талкуу жүрдү. Ошондой эле 15-апрель күнү Баткен районунун Ак-Сай айылына караштуу Улар жайлоосунда жергиликтүү элдин күйгөн үйлөрү боюнча да сөз болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Курсан Асанов: “Бардык нерсе өз орду менен аныкталат. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kosmos83
2014-04-19 12:16:15
силер тергегиче 10жыл отот анан эскирет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан