Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Өзгөн районунда ишембиликке чыгышты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Өзгөн районунда ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын бардык кызматкерлери жана министрликтин Ош шаарында жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айыл аймагында ишембилик өткөрүп жатышат. Ошондой эле Кызыл-Байрак айылындагы кооптуу делген аймакка 600 түп жаңгак көчөтү отургузулду. Ишембиликке министр Кубатбек Боронов да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
momuntay
2014-04-19 13:49:12
Ааламга жол айылдан башталат деген негизи туура соз да. Бугунку эмгегибиз эртенки узурубуз да. Бар болгула элим менин
+1
Mech.kg
2014-04-19 14:32:21
Жакшы ар кайсы аймакта ушундай болсо кана.Озгонум кичи мекеним
+2
Almazbek79
2014-04-19 18:12:03
Министр өзгөндөн болотта ошого )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан