"Баткен" аэропортуна "эл аралык" статусу берилди. Тийиштүү токтомго КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду. Мындай чечим КРнын Аба кодексинин 57-беренесинин 5-бөлүмүнө жана “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык кабыл алынды.
Аталган токтом Баткен аймагындагы инфраструктураны жакшыртууга, туризмди өнүктүрүүгө жана Баткендин транспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган. “Баткен” аэропортуна "эл аралык" статусунун берилиши жеке инвесторлорду тартуу үчүн түзүлгөн шарттардын бири болуп саналат. Бул тууралуу 19-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
“Баткен” аэропорту 1984-жылы колдонууга берилген. Ал 24 тонналык учактардын конушуна ылайыкталып курулган. Негизинен бул аба майданына Ан-24 жана Як-40 учактары конуп келишкен. 2012-жылы аэропорт 20 миңден ашуун жүргүнчүнү тейлеген.