21-23-апрелде Бишкек шаарында күн ачык болот. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде "Погода" аба ырайын маалымдоочу ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, жакынкы үч күндүн ичинде абанын температурасы түнкүсүн +5...+11, күндүз +15...+24 болот. Ал эми бейшемби жана жума күндөрү (24-25-апрель) жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы түнкүсүн +9...+14, күндүз +11...+19 болот.