Украиналык мушкер Владимир Кличконун 26-апрелде австралиялык Алекс Леапаи менен боло турган беттешин орусиялык бокс сүйүүчүлөрү түз эфир аркылуу жергиликтүү каналдардан көрө алышпайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Кличконун беттеши боюнча уюштуруу иштерин алып барып жаткан өкүлдөр түз эфир алып берүү боюнча АКШнын телеканалдарынын бири менен макулдашкан. Ал эми Орусиянын аймагында түз алып берүү болбойт.
IBF, WBA, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондук наамдын ээси Владимир Кличко белгилегендей, орусиялык телеканалдардын Украинадагы саясатка тереңден аралашканы бул элдердин ортосундагы достукту жокко чыгарып жатат. Эске салсак, Владимирдин буга чейинки беттештерин “Россия 2” каналы көрсөтүп келген.
Кошумчалай кетсек, Владимир Кличко бул беттешке даярдануу учурунда Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, Украинага саясий басым көрсөтүүнү токтотуусун суранган.