Кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймакта Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн машыгуулары өтүп жатат

Бүгүн, 22-апрелде Өзбек Республикасынын Кыргыз Республикасынын чек арасына жакын аймагында Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн машыгуулары өтүүдө. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзбек аскер кызматкерлеринин машыгуулары Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарынын каршысында, Өзбекстандын аймагында өтүп жатат. Кыргызстандын аба мейкиндигинин жана мамлекеттик чек арасында тартип бузулгандыгы катталган жок. Мындан тышкары өзбек тараптын маалыматына ылайык, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде өзбек чек арачылары Өзбекстандын аймагында жайгашкан инженердик тосмолорунда оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө.

"КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги чек арага канатташ райондордо жагдайды көзөмөлдөөдө",- деп жарыялады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dadin
2014-04-22 18:30:11
Антип коркутпай тургула ))))). АША баш болгон ири жеп жутарларыбыз качып жоношпосун.Баягы эле Бакиевтер даярдыктан откоруп жатса керек озбек туугандарды .))))
+3
sanchos
2014-04-22 19:01:24
Dadin, адамды кулгуздун да. азамат. Абдылданын бир
кулкулуу чыгармасында ким куноолу десе эле Бакиев деп кулгузгону бар эле ошону эстеттин. Тамаша-тамаша го, бирок чек арабызды бекемдоо бийликтегилердин иши. Бизде да ушундай машыгуулар коп коп болсо жакшы болот эле.
0
munarbek00
2014-04-22 18:43:56
Армия егемен олконун келечеги. Армияны эн биринчи маселе катары караш керек заманбап курал тегникалар менен камсыз кылып. Экинчи Чек ара маселеси. калганы акырын боло берет
+1
Nemo_0587
2014-04-22 18:56:14
Ушул биздин атка минерлерибизге Аллахым ынсап берип, качан элди ойлошор экен. Мамлекетибиз урап, жерлерибиз кыскарып баратат.
+3
Manasasman
2014-04-22 19:16:28
Чек ара дейсинер Лейлек районун Самат айылынан кайрагач чек ара посунун аралыгында сай бойлото жер тилкелери берилип, бир кичине айыл пайда болду дейт катран айылын бир тургуну.Ал жердин жашоочулары бут тажикстандан чыгып келгендер экен. Жыйынтыгы 2 .3 жылдан кийин бул жер дагы талашка тушот. Улуттук кызыкчылыктарды тап такыр унутуп калышты. Бийлик бийлик мене алек.
+2
Bolo2
2014-04-22 20:24:20
Эми Озбек акалардын кылыгы го менимче, биз деле тажиктерге жакын жерге машыгуу откорбодук беле
0
barsa1984
2014-04-22 22:08:00
Машыгуу откорсо откоруп жатат да, ага чоочулоонун кажети жок го..!? Бирок, сактыкта кордук жок дегенди да унутпашыбыз керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан