Кечээ, 22-апрелде КРнын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтуна Кытай Эл Республикасынын Илимдер академиясынын вице-президенти Жанг Япинг баш болгон кытай делегациясы келди. Бул тууралуу КРнын УИАнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул иш-чаранын алкагында Кыргызстандын академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунда Борбор Азияда экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Кыргыз-кытай илимий-изилдөөчү борбор ачылды. Жанг Япинг иш сапарында КР УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев менен КР УИА жана Кытай Эл Республикасынын Илимдер академиясынын ортосундагы кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.
КРнын Улуттук илимдер академиясы жана Кытай илимдер академиясы төмөнкү олуттуу багыттар боюнча кызматташат:
Тараптар ошону менен катар эле болуп келген илимий байланыштарды үзбөй, өнүктүрүп жана биргелешкен программаларды менен долбоорлорду аткарууда илимий мекемелердин кооперациясын жана катышуусун колдоо боюнча макулдашты.