Бишкектеги №1-шаардык клиникалык ооруканадан бейтаптын өтүнөн узундугу 8 сантиметр келген таш алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде SUPER.KG порталына аталган оорукананын профессору Акылбек Мусаев маалымдады.
“Ооруканага денесинин баары саргарып кеткен, жашы 60тан өтүп калган айым кайрылган. Анын айтымында, ал бир жумадан бери өзүн жаман сезип жаткан. Саргайып кеткен өңүн көрүп, анын өтү иштебей жатканын түшүндүк. Бейтапты ультрадобуштук изилдөөдөн өткөргөн соң, анын өт баштыкчасында чоң таш бар экени аныкталган. Мындай учурларда операция 30 мүнөт эле жасалат. Бирок бул операция оор болуп, 2,5 саатка созулду. Таш өсүп, өттүн түтүкчөсүн оюп, тешип кеткен экен. Натыйжада өт баштыкчасы ага турган түтүкчө алынып, ал ичегиге жабыштырылды”,- дейт профессор.
Анын айтымында, бейтаптар ооруганына карабастан, чыдап жүрө беришет. Натыйжада бул өздөрүнүн ден соолугуна зыянын тийгизет.
“Эртең барам деп жүрө берип, оорлошуп кеткенге жеткирбей, дарыгерлерге өз убагында көрүнүп тургула”,- деп кошумчалады А.Мусаев.