Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди

Кечээ, 22-апрель күнү Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган китеп жумалыгынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде билим берүү мекемесинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, анда басмаканалардын, китеп дүкөндөрүнүн жарманкеси уюштурулуп, акын-жазуучулар өздөрүнүн жаңы китептери боюнча маалымат беришти. Китеп жумалыгынын алкагында “Интернет-китепкана” долбоорунун бет ачары өткөрүлдү.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов адам баласына бүгүнкү күндө китептин зарылчылыгын жана ролу чоң экенин белгилеп, жаштарды китепке көңүл бурууга чакырды. 

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан