Ош. Депутат Дастан Бекешев студенттер менен жолугушту

Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев келип, студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда ректор Бекмурза Зулуев студенттер жөнүндө жалпы маалымат айтып, ийгиликтерге токтолуп, окуу жайдын абалы менен депутатты тааныштырды. «Жаштар арасында деле Кыргызстандын келечегин ойлогон, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келе жаткан депутаттар жок эмес. Алардын бири менен бүгүн жолугушуп отурабыз, мындай жаштардан студенттер үлгү алса болот»,- деди Зулуев.

Жолугушууда эл өкүлү студенттердин суроолоруна жооп берип, Кыргызстандын бүгүнкү саясий абалы жөнүндө кенен маалымат берип өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан