Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөрдүн натыйжасында Кант шаарындагы С.А.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунда бир катар мыйзам бузуулар бар экени аныкталды.
Белгилүү болгондой, министрликтин кызматкерлери студенттердин сабактарга катышуусунун төмөн экендигин, ошондой эле окуу жайдагы сабактар көп үзгүлтүккө учурай турганын аныкташкан.
Бүгүн, 23-апрелде аталган министрликтин басма сөз катчысы Амантур Акматов: "Өлкөдөгү жогорку окуу жайларды текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузулган фактылар катталган окуу жайлардын айрымдарынын лицензиясы тартылып алынышы тууралуу маселе көтөрүлөт",- деп билдирди.