22-апрелде Жалал-Абад облустук администрациянын жыйындар залында КРнын Ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы Академиясынын окутуучулук-проферссорлук курамы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча жыйын өткөрдү.
Ага Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын, Ооган согушунун ардагерлери жана облус боюнча мектептердин директорлору, ата-энелер комитеттеринин мүчөлөрү катышты.
“Облус боюнча өспүрүмдөр арасында оор жана өзгөчө оор кылмыш кылуунун саны азайды. Буга коомчулуктун өспүрүмдөр менен иштешүүсү жана профилактикалык, спорттук иш-чаларалардын көп өткөрүлүшү себеп болду. Негизинен биз кылмыштуулукту баштаган ар бир бала жана алардын ата-энелери менен бетме-бет сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын жашоого болгон көз карашын жакшы нукка бура алдык. Бирок биз канчалык спорттук, профилактикалык иш-чараларды көп уюштурбайлы, өспүрүмдөрдүн арасында тартип бузуулар болуп жатат. Буга мисал катары жакынкы убакта болгон Каду айылы менен Кара-Март айылындагы өспүрүмдөрдүн өз ара араздашууларын айтсак болот”,- деди өспүрүмдөрдүн тарбиясы, коомдогу абалы тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Шатманалиев.