26-апрелде Ош шаарында Чернобыль апаатынын 28 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ал күнү эртең менен Чернобыль эстелигинин алдында апаатта каза болгондор эскерилип, гүлчамбарлар коюлат. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана шаардык башкармалыктын өкүлдөрү катышат.
Айта кетсек, бүгүнкү күндө Ош шаарында ири апааттын 48 катышуучусу каттоого алынган.