Облустук юстиция башкармалыктар тарабынан акысыз юридикалык кеңештер берилүүдө

КРнын Юстиция министрлигинин Облустук юстиция башкармалыктары тарабынан жарандардын укуктарын коргоо жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында жарандарга жана юридикалык жактарга акысыз юридикалык кеңештер берилүүдө. Бул тууралуу кечээ, 24-апрелде КРнын Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка таянсак, юридикалык кеңеш берүү үчүн Облустук жана Шаардык юстиция башкармалыктарында мамлекеттик нотариустар жана адвокаттардын курамында коомдук башталышта акысыз кабыл алуу, юридикалык кеңеш берүү борборлору түзүлгөн.

Юридикалык кеңеш берүү боюнча күзөт учурунда түзүлгөн борборлор тарабынан 2014-жылдын I кварталынын жыйынтыгында башкармалыктар тарабынан республика боюнча 4420 кишиге кеңеш берилген. Анын ичинен башка облустарга салыштырмалуу көбүрөөк кеңеш берген башкармалыктардын тизмесине Бишкек шаары жана Чүй облусу (2269 кишиге кеңеш берилген), Жалал-Абад (854) жана Ысык-Көл (624) облустары кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан