Саламаттыкты сактоо министрлиги: Бюджет бөлүмүн аяктаган бүтүрүүчү эки жыл аймакта иштейт же мамлекетке сарпталган каражатты кайтарат 

Бишкекте бүгүн, 25-апрелде Медициналык академияда бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусунда “медициналык академиянын бюджет бөлүмүн аяктаган бүтүрүүчүлөр эки жыл региондо иштеши керек же сарпталган каражатты мамлекетке кайтарышы керек” деп Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кадр башкармалыгынын жетекчиси Медер Исмаилов билдирди.

“Региондорго барып иштеген бүтүрүүчүлөр 60 пайызды гана түзөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин токтому менен Медициналык академиянын бюджеттик бөлүмүн аяктаган студенттер аймакта 2 жыл иштеши керек же болбосо мамлекетке аларга кеткен чыгымды кайтарып берүүсү керек болот. Бул толуктоолор май айында өкмөттүн мыйзам долбооруна киргизилет”,- деди М.Исмаилов. 

Анын айтымында, дарыгер өзүнө керектүү тажрыйбаны аймактардан гана топтой алат. Айрым үй-бүлөлүк медицина боюнча адистер гана керек болбосо, Бишкек менен Ош шаарлары дарыгерлерге муктаж эмес.

“Жакында эле мен Кара-Буура районунда ийгиликтүү иштеп жаткан жаш адис менен сүйлөштүм. Ал "курсташтарым бир айда бир операция жасаганына сүйүнүшсө, мен айына 60тан операция жасап жатам" деп сүйүнттү”,- деп кошумчалады М.Исмаилов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан