Ишенбай Абдуразаковду акыркы сапарга узатуу зыйнатынан фоторепортаж

Белгилүү коомдук ишмер, саясат таануучу жана дипломат Ишенбай Абдуразаков менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 25-апрелде Бишкекте Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында болуп өттү. Ага миңге чукул адам катышып, алардын ичинде өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик аппараттын жетекчилиги, коомдук ишмерлер жана студенттер да болду. Алар Ишенбай Абдуразаковдун туугандарына көңүл айтып, маркумдун адамдык жакшы сапаттарын, жасаган иштерин эскеришти. Ишенбай Абдуразаковдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

“Ар-намыс” фракциясынан лидери Феликс Кулов коомдук ишмердин  мамлекеттик деңгээлдеги атуулдардан болгонун баса белгилеп өттү. “Ал Кыргызстандын өнүгүшү үчүн көп иш аткарып берди. Анын көптөгөн максаттары да орундалбай кете берди. Коррупциялык жана бюрократиялык систем бар болгондуктан, Ишенбай Абдуразаков өлкөнүн экономикасын өнүктүрө албай калды”,- деди Кулов.

Ишенбай Абдуразаковдун студенти, активист Данияр Назаралиев “Бир жолу Ишенбай агайыбызга китеп белек кылганбыз. Ал белекти алып, “кийинки жолу силерден өзүңөр жазган китепти күтөм” деп айтканы эсимде. Тилекке каршы, биз анын өтүнүчүн аткара албай калдык” деп агайын эскерди.

Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетинин деканы, бард Анэс Зарифьян коомдук ишмердин элесине арнап жазган ырында Абдуразаков кыргызстандыктар үчүн алмашкыс атуул экени сүрөттөлгөн. “Кичи боюна карабастан, жоокер жана акылман болгон. Аны менен кара сөз аркылуу эле эмес, ыр түрүндө жазышкандыгыма кубанам”,- дейт Зарифьян.

Коомдук ишмер 24-апрелге караган түнү 77 жаш курагында каза тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Akshumkar
2014-04-25 13:51:18
Жаикан жери жайлуу болсун
+3
jan78
2014-04-25 16:16:17
Арты кайрылуу болсун. Калган жашын балдарына берсин. Кудайым куноолорун кечирип бейиштен орун берсин.
0
Aimeerimka
2014-04-25 16:30:27
Жаткан жери жаннаттан болсун!
+1
classica
2014-04-25 18:14:28
Kaitalangys adam... jatkan jeri jayluu topuragy torkoo bolsun
+1
Roza11
2014-04-25 19:55:07
жаткан жээри жайлуу болун.
+1
Anqelina2
2014-04-25 20:37:28
Окунучтуу. Козумо жаш айланып кетти. Ушундай жакшы адамдарыбыз жуздон аша жашашса кана аттин. Ишенбай Абдуразаков жонундо менин да эскерип ото турган кичине созум бар.Ал кезде 7-8 жашта элем.Апам экообуз кышкы каникулда тайкемдикине келдик айылдан Бишкеке, бизди тосуп алганы тайкемдин айдоочусу барды.Келе жатып бир жерден токтодук ал жерден тайкем жана бир киши чыгып машинага отурушту ал жер резиденция экен.Баягы отурган киши мага суроолорду берип, экообуз суйошуп бара жаттык.
+2
Anqelina2
2014-04-25 21:43:03
Ал киши менден айылдыктардын жашоо тиричилигин, биздин уйдогу жашоону, канча малыбыз бар, мектептеги жанылыктарды, кандай окуп жатасын айтор коптогон суроолорду берип мени менен суйлошуп бара жатты.Бир жерге жеткенде ал киши биз менен коштошуп менин колумду кармап жакшы кыз болуп чоной, жакшы оку деп тушуп калды.Кийин 8-9-класс чагымда апаман сурадым апа ошол киши ким болчу десем апам; Ишенбай Абдуразаков болчу деди.Ошондо мен аябай кубандым.Мен Ишенбай Абдуразаков м-н маектешкен экемин да деп.
+2
Kara_kyrgyz
2014-04-28 09:00:51
жайы жаннаттан болсун! бирок орустарга окшоп бетин бекер ачып коюптур да
0
Barpy11
2014-04-28 12:22:59
жайы жаннаттан болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан