Социалдык өнүгүү министрлиги: Улуу Ата Мекендик согуштун 69 жылдыгын белгилөөгө кошумча 45 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт

Улуу Ата Мекендик согуштун 69 жылдыгын белгилөөгө социалдык колдоо көрсөтүү максатында Социалдык өнүгүү министрлигинен кошумча 45 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.  

Маалыматка ылайык, Ленинград шаарын бошотууга катышкан ардагерлер, бул аймакта курчоодо калган жарандар 10 миң сомдон алышат. Ал эми согушта жакындарын жоготкон, тылда иштеп, орден жана медалдар менен сыйланган 5672 адам 5 миң сомдон алышат. Республиканын аймагында бир жолу берилүүчү акчалай жардам 7100 кишиге төлөнөт. Бул үчүн 44,5 миллион сом каралган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан