"Талас облусуна ар кайсы адистиктеги 158 дарыгерге муктаждык бар. Жергиликтүү жетекчилик Таласка келип иштей турган жаш адиске ижарага 2 гектар жер берүүгө даяр" деп бүгүн, 25-апрелде Медициналык академиянын бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусунда аймактардагы дарыгерлердин жетишпестиги тууралуу талкууда айтылды.
Маалыматта белгиленгендей, аталган аймакта акушер-гинекологдор, нестендирүү-жандандыруучу (анестезиолог-ревматолог), тери, жүрөк, жугуштуу оорулар боюнча адистер жетишсиз. Ошондой эле Талас облусунун жергиликтүү бийлиги келип иштей турган жаш адиске 2 гектар жер ижарага бергенге даяр экендигин айтууда.