КРнын Билим берүү жана илим министрлиги кечээ, 24-апрелде улуттук колоритти колдонуу менен тигилүүчү мектеп формасы боюнча сынакты жыйынтыктады. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде аталган министрликтен маалымдашты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр деп төмөнкүлөр аталды:
Сынактын баш байгеси Гүлнар Акматовага буюруп, ал 19 миң сом сыйлык алды.
I орун: 1-4-класстардын окуучуларынын формасы үчүн Эльвира Султангазиева 11 миң сом, 5-9-класстардын формасы үчүн Бегайым Эрнисова 11 миң сом, 10-11-класстарга тигилүүчү форма үчүн Эльвира Султангазиева 11 миң сом сыйлыкка ээ болду.
II орун: Мадина Урсалиева (1-4-класстардын формасы үчүн, 9 миң сом), Кондубаева Нургүл (5-9-класстар үчүн, 9 миң сом), Балагазы кызы Миргүл (10-11-класстар үчүн, 9 миң сом).
III орун: Аким Турганбаев (1-4-класстар арасында, 7 миӊ сом), Чынара Сейдахматова (5-9-класстар арасында, 7 миң сом), Калыбек кызы Жанара (10-11-класстар, 7 миӊ сом).
Маалыматта белгиленгендей, Билим берүү жана илим министрлигинен мектеп окуучуларынын формаларынын эскиздери боюнча сынак 2014-жылдын январь айында жарыяланып, ага 27 адам катыша тургандыгын билдирген.
Сынактын калыстар тобуна жарандык сектордун, ата-энелер коомчулугунун, Дин башкармалыгынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана Бишкектеги мектептердеги Жаштар кыймылынын лидерлери катышты.