Нарын облусуна келип иштей турган жаш дарыгерлерге бекер турак жай берилип, айлык акылары 12 миң сомго чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Медициналык академияда бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусундагы аймактардагы дарыгерлердин жетишпегендиги тууралуу талкууда айтылды.
Маалыматта белгиленгендей, Нарын облусунун жергиликтүү жетекчилиги Ат-Башы жана Ак-Талаа районуна келип иштегенди каалаган жаш адистерди бекер турак жай менен камсыздап, жер тилке алууга көмөк көрсөтөрү тууралуу айтылды. Ошондой эле Жумгал районуна келип иштей турган адистер бекер турак жай, жер тилкеси жана көмүр менен камсыздалары белгилүү болду.
Өзгөчө Жумгал районуна жандандыруучу бөлүмүнө иштечү адистер керек экендиги жана аталган адистерге 18 миң сом айлык төлөгөнгө даяр экендиги да айтылды.