Суроо: - ИИМде 20 жыл иштеп, 38 жашымда Ички иштер министрлигинин пенсионери болдум. Андан кийин мектепте мугалим болуп, дагы 25 жыл эмгектендим дейли. Ошентип, 63 жашка чыктым деп эсептесек, менин пенсиям кандай болот? Кошумча пенсия чыгабы? Суроо калтырган Az81kg.
Жооп: - Эгерде сизге Ички иштер министрлигинде 20 жыл кызмат өтөп, Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамына ылайык пенсия чектелген болсо, анда кийинки башка жерде иштеген иш мезгилдери үчүн сиздин жеке эсебиӊизге төлөнгөн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү кошумча катары сиздин пенсияӊызга жогоруда аталган мыйзамдын 45-1-беренесине ылайык кошулуп берилет.
Жогоруда аталган мыйзамдын 7-беренесине ылайык, бир эле мезгилде ар кандай мамлекеттик пенсия алууга укуктуу аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, Каржы полициясынын, Атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө алар тандап алган бир гана пенсия төлөнөт.Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Пенсияны чектөө жана кайра карап чыгуу башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Ашималиева жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.