2014-жылы ажылык сапарга баруучулардын тизмесин каттоо иши 12-майда башталып, бир айга созулат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде маалымат жыйынында Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев билдирди.
Анын айтымында, каттоо иштери 2014-жылдын 12-майында саат 09:00дө башталып, 12-июнь, саат 18:00гө чейин өткөрүлөт. "Ар бир ажыга баруучудан 500 сом кайтарымсыз төлөм каттоо жүргүзгөн тараптар аркылуу алынат. Буга чейинки катталган ар түрдүү тизмелер жокко чыгарылат",- деди муфтий.