2014-жылдын ажылык сапарын уюштурууда ажыларды тандап алуу аймактык квотаны эске алуу менен чүчү кулак тартибинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде маалымат жыйынында муфтияттын башчысы Максатбек ажы Токтомушев билдирди.
Анын айтымында, чүчү кулак графигин түзүү, ажыларды каттоо иш кагаздары, ажыга баруучулардан талап кылынган документтердин топтомун түзүү муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнө жүктөлдү. “Ажы башчылыкка талапкерлерди муфтияттын тандоо комиссиясына 15-июнга чейин сунуштоо казыяттарга жүктөлдү жана чүчү кулак графиги түзүлүп, 15-июндан баштап ар бир аймакта комиссия аркылуу өтмөкчү”,- дейт муфтий.