Кыргызстанда гемодиализ жабдуусу орнотула турган жай техникалык талаптарга жооп бербейт

Кыргызстанда Япония бекер бере турган гемодиализ жабдуусу орнотулуучу жай айрым техникалык талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.  

Япониялыктар талап кылгандай шарт түзүүгө 5 миллион сом сарпталат, бирок Каржы министрлиги мындай акча бере албасын айтууда.

Эске салсак, былтыр япониялык “Токусукай” компаниясы "жасалма бөйрөк" кызматынан пайдаланган оорулууларга жардам иретинде 10 гемодиализ аппаратын бекер берүүгө макул болгон.

Кыргызстанда бөйрөк оорусуна чалдыккан көптөгөн жарандар гемодиализдин жардамы менен жашап келишет. Бирок Кыргызстанда аталган аппарат жетишсиз.

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан