Талас облусунда Юстиция башкармалыгы жергиликтүү кеӊештердин депутаттарына семинар өткөрдү

Талас облустук Юстиция башкармалыгы тарабынан жергиликтүү кеӊештердин депутаттарына семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Юстиция министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Талас облустук Юстиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясында аталган райондун жергиликтүү кеӊештердин төрагаларынын катышуусунда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын ченемдик-укуктук актылары жана алардын юридикалык күчкө ээ болуусун камсыз кылуу" аттуу темада семинар өттү.

Семинарда жергиликтүү кеӊештер кабыл алган токтомдорго байланышкан маселелер талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан