Бүгүн, 26-апрелде Ю.Фучик атындагы сейил багында Украинанын Чернобыль шаарында жайгашкан "Чернобыль" атомдук электростанциясынын жарылуусунун 28 жылдыгына карата иш-чара өттү. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Бишкекте Чернобылдагы жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышкан 305 адам жана жаракат алгандардын 44 үй-бүлөсү жашайт.
Иш-чаранын жүрүшүндө борбордун вице-мэри Айгүл Рыскулова аларга ыраазычылыгын билдирип, "биз ар дайым сиздердин эрдигиңиздерди эч качан унутпайбыз" деди.