* Былтыр Баткен облусунун
Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын келип чыгышына Тажикстанга караштуу Ворух анклавына жакын жерден өткөн Ак-Сай - Тамдык айланып өтмө жолунун курулушу себеп болгон. Чырлуу окуя учурунда ур-токмоктун айынан жаракат алгандар да болгон.

* Мындан 29 жыл мурун, 1985-жылы ырчы
Асел Касымова Ош облусунун Ош шаарында
туулган. 2003-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктаган. 7-класста окуп жүргөндө "Кыз-Бурак" тобунда, 2005-жылдары "Элегия" тобунда ырдап келген. 2011-2012-жылдары жеке ырчы катары "Эркелеп" аттуу ыры менен эл оозуна алынган. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын дебюту-2012" наамынын ээси болгон.

* Мындан 45 жыл мурун, 1969-жылы орусиялык популярдуу ырчы, композитор
Стас Михайлов Сочиде туулган. 2010-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти деп табылган ырчы "Жылдын шансону", "Алтын граммофон", "Жылдын ырлары" сыйлыктарынын ээси.
Стас Михайлов музыкалык мектепке кирип, бирок эки жума да окуган эмес. Ырчынын атасы, агасы учкуч болгондуктан, ал да Минсктеги учкучтар окуу жайына тапшырып, бирок аны да аягына чыгарбай таштап койгон. Андан соң аскер кызматын өтөп, кийин чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн Москвага келген. 1992-жылы эң алгачкы "Шам" ("Свеча") деген белгилүү ырын жазган. 1997-жылы "Шам" ("Свеча") аталыштагы альбому жарыкка чыгып, андан соң "Сенсиз" ("Без тебя") ыры радиолордон кете баштаган. Ошентип, ырчы катар-катары менен хит ырларды жаратып, көптөгөн сыйлыктарга арзыган.
Ал эми 2011-2012-жылдары ырчы Стас Михайлов "Forbеs" журналынын изилдөөсү боюнча "Орус шоу-бизнесиндеги эң бай адам" деп табылган.

* Мындан 493 жыл мурун, 1521-жылы португалиялык жана испаниялык деңиз саякатчысы
Фернан Магеллан Филиппиндин Мактан аралында каза болгон.
Фернан Магеллан эң алгачкылардан болуп дүйнөнү айланып чыккан экспедициянын башында турган. Ал 1520-жылдын 21-октябрында Атлантика менен Тынч океандарынын ортосундагы кысыкты ачкан. Ал эми 1521-жылдын 28-мартында биринчилерден болуп филиппиндик аборигендер менен байланыш курган.