Бүгүн, 27-апрелде Бишкектин "Жеңиш" аянтында Айбек Баратов жетектеген жарандык активисттер эски отургучтарды жаңылоо иштерин жүргүзүшүүдө. Бул иш-чарага SUPER.KG порталынын кабарчысы да катышып жатат.
Баратовдун айтымында, эски отургучтар начар абалга келип, алар алмаштырылууга муктаж болуп калган. Аларды жаңылоого социалдык тармактар аркылуу акча каражат чогултулуп, керектүү жабдуулар жана жыгачтар сатылып алынган. “Айрым компаниялар жаңы отургучтардын түсүн жарнамалык түскө сырдоону сунуштап, миңдеген акча каражатты сарптоого даярдыгын билдиришкен. Бирок "Жеңиш" аянты ыйык жер болгондуктан, биз макул болгон жокпуз. Азырынча отургучтарды сырдабай турабыз”,- деди активист.
Айта кетсек, көптөгөн интернет колдонуучулар ыктыярдуу иш-чарага катышууга макул болушкан, бирок болгону 10го чукул жигит келип кызмат кылууда. Аларга Бишкек мэриясынын жана “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жардам беришүүдө.
Отургучтардан тышкары жарык берүүнү жаңылоо жана акысыз WI-FI орнотуу пландалууда. Бардык иштер 1-майга чейин бүтөрү белгилүү болду.