Ысык-Көлдө 10-май күнү өтө турган эл аралык марафонго "Сокурлар жана дүлөйлөр" коомунун өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде ЖКнын депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактарындагы баракчасы аркылуу маалымдады. “2,5 миң жыл мурун эки тарыхый окуя болгон: гректердин бириккен аскери персиялык басмачыларды Марафон шаарынан алыс эмес жерден талкалаган. Жердештерине бул жакшы кабарды угузам деп Марафондон Афиныга чейин жөө чуркап келген жоокердин урматына ал ортодогу аралыкка Марафон жарышы деген аталыш ыйгарылган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүмдүк жашоосу ошол марафон сыяктуу, кээде андан да оор болуп кеткен учурлар жок эмес. Ошондуктан мен Ысык-Көл жергесинде 10-май күнү өтүүчү эл аралык марафонго "Сокурлар жана дүлөйлөрдүн коомунун" өкүлдөрү катышат деген кабарды чоң кубаныч менен кабарлайм”,- дейт Д.Бекешев. Маалыматта белгиленгендей, марафондун алкагында ар кайсы жаштагы катышуучулар бир нече дистанциялардагы жарыштарга катышмакчы. “2014-жылы өтө турган жарыш сүт бездеринин рагына каршы күрөшкө арналат. Аталган дарт дүйнө жүзү боюнча миңдеген адамдардын өмүрүн кыюуда. Биздин өткөрүп жаткан иш-чара аз да болсо ал оорудан жабыркагандарга үмүт бере алат деп ишенебиз. Мен да сиздерди биз менен бирге 2014-жылдын марафонуна катышууга, биргеликте дистанция алдында ичибиздеги күмөндүктү жана коркунучту жоготууга үндөйм”,- деп кошумчалайт депутат. |