Азия чемпиондугунда 9 медаль утуп келген кыргыз балбандарынын акча маселеси мелдешке 1 күн калганда чечилген

Азия чемпиондугунан 9 медаль утуп келген кыргыз балбандарынын акча маселеси мелдешке 1 күн калганда чечилген. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде маалымат жыйынында Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков билдирди.

Анын айтымында, каражат маселесинен улам курама команданын Азия чемпиондугуна катышып-катышпасы 1 күн калганда чечилди. Акыркы учурда табылган демөөрчүлөр 18 спортчу жана башкы машыктыруучуларга кошуп 2 дарыгерди, 1 укалоочуну жана 2 калысты каржылап беришти. “Жалпысынан Азия биринчилигине 2,5 миллион сомго чукул каражат сарпталат. Ал эми 10 кишиден турган курамга 15-20 күндүк машыгуу сборун өткөрүү үчүн 1 миллион сом керектелет. Мамлекет бул маселеге көңүл буруп, акча жагынан колдоп берсе, жакшы жыйынтыктар болмок. Каржылоонун жетишсиздигине жана шарттын жоктугуна карабай 9 медаль утуу - ири жетишкендик”,- деп кошумчалады ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан