Саламаттыкты сактоо министрлиги: Кыргызстандагы айымдардын 60 пайызы анемия менен жабыркайт

Кыргызстандагы төрөткө чейинки айымдардын 60 пайызы аз кандуулук (анемия) менен жабыркайт, ал эми төрөттөн кийин ал сан 70-80 пайызга чейин жетет. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги донорлор жана мамлекеттик эмес уюмдар менен биргеликте тамак-аш жаатындагы көйгөйлөр туурасындагы талкууда министрдин орун басары Марат Калиев билдирди.  

“Кыргызстанда анемияга кабылгандардын жарымы жабык түрү менен жабыркайт. Төрөткө чейин кандын дем алдыргыч кызыл пигментинин деңгээли нормада болсо, төрөттөн кийин анын деңгээли кескин түрдө төмөндөп кетет. Ушул себептен улам анемия менен жабыркаган айымдардын саны төрөттөн кийин 70-80 пайызга чейин жетет. Төрөп түшкөн 10 аялдын ичинен 7-8и анемияга чалдыккандар”,- дейт Калиев.

Анын айтымында, бул айымдардын кош бойлуу кезиндеги тамактануусунан көз каранды. Эң негизги себеп, бул аялдардын тиешелүү микроэлементтер кошулган препараттарды, витаминдерди ичпегенинен улам болууда. Белгилүү болгондой, анемиядан улам кандын уюшу начарлайт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан