Энергетика министрлиги: Электр менен жылытуунун баасын газ менен жылытуунун баасына теңдөө сунушталууда

Электр менен жылытуунун тарифин газ менен жылытуунун тарифинин деңгээлине теңеп, 1 киловатт-саат үчүн 2,20 сомго жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин "2014-2017-жылдарга электр энергия боюнча КРнын тарифтик саясаты” долбооруна арналган маалымат жыйынында аталган мекеменин статс-катчысы Батыркул Баетов билдирди.
Анын айтымында, электр менен жылытуунун тарифи боюнча 5 киловаттан жогору уруксат берилген кубаттулукта электр менен жылытуу үчүн техникалык шарттарды алган абоненттер эсептелет. 1 киловатт-саат үчүн 2,20 сом өлчөмүндөгү тариф мындай абоненттерге күз-кыш мезгилинде керектеген 1 киловатт-сааттан тартып колдонулат. 
"Көрсөтүлгөн абоненттер үчүн күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнүн социалдык ченеми жайылтылбайт. Жылытуу мезгилинин аралыгында айына 300 киловатт-саат көлөмүндө башка бардык тиричилик абоненттер сыяктуу ушул абоненттер үчүн электр энергиясын керектөөнүн социалдык ченеми колдонулат",- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан