Билим берүү жана илим министрлиги балдарды бала бакча жана мектепке электрондук түрдө кабыл алуу программасын иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, министрлик КМШдагы айрым өлкөлөрдөгү балдарды бала бакча жана мектептерге кабыл алуу боюнча программалары менен таанышып чыккан. Ошондон улам Кыргызстанда да аталган программаны ишке киргизүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. |
“Эң биринчиден, мектептерге жана бала бакчаларга балдарын киргизгиси келген жергиликтүү ата-энелердин арыздары кабыл алынат. Ал эми ашкан орундарга калган каалоочулардын арыздары кабыл алынат. Мектеп жана бала бакчалардагы бош орундар тууралуу маалыматтык сайттар аркылуу жарыяланат”,- дейт министрликтин басма сөз кызматы. Ошондой эле балдарды бала бакчаларга кабыл алуу боюнча конкреттүү мөөнөттөр коюлмакчы. Азыркы учурда бул иш-чаралар бир жыл ичинде жасалууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, бала бакчалардагы кезектерде 3 миңден ашык бала турат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мектепке чейинки 800 мекеме куруу керек. Ага 2,5 миллиард сом каражат сарпталат. |