Бүгүнкү күндө Ош шаарынын аймагында 59 мечит, 11 намазкана жана 1 чиркөө бар. Анын ичинде 25 мечитте жума намазын окуганга уруксат берилген. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Ош шаарынын мэриясынын укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Турсунай Айтматова билдирди.
Анын айтымында, шаарда диний кырдаал такай көзөмөлгө алынган, ар бир кыймыл-аракетке көңүл бурулуп, шаардын тынчтыгы үчүн аракеттер жүрүп келет.