Баткен районунун 80 жылдыгына карата Суу-Башы айыл округуна караштуу Боз-Адыр айылында «Баткен жерим - куттуу Ата Мекеним» аттуу кыз-жигиттердин cармерден оюну болуп өттү. Бул тууралуу 30-апрелде райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Алгач Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата китеп көргөзмөлөр, чакырыктар илинип, келген конокторду музыканын коштоосунда нан, туз менен тосуп алышып, райондун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык мааракесине карата эмгеги сиңген чыгаан инсандар туурасында баяндар айтылды.
Андан соң кыз-жигиттердин сармерден оюну болуп, жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жигиттер командасы 1-орунду камсыз кылды. Аларга 3 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Ал эми 2-орунду келиндер командасы алып, 2 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Саамалыкка Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары К.Кыдырова, Маданият үйүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты.