Бишкектеги №1-шаардык клиникалык ооруканада бир аптада 84 операция жасалды

№1-шаардык клиникалык ооруканада өткөн аптанын ичинде 84 операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде аталган оорукананын профессору Акылбек Мусаев билдирди. 

Маалыматка ылайык, ооруканага жардам сурап 123 адам кайрылган, булардын ичинен 26 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлүп, калганы дарылануу үчүн ооруканага жаткырылган.  

“Аппендицит оорусу менен кайрылган 19 адамга операция жасалды. Боор эхинококкозу менен жабыркаган 10 бейтап тиешелүү дарылануудан өттү. Альвеококкоз дарты менен 3 адамга операция жасалды, З3 бейтаптын өтү алынды, 5 бейтапка Лихтенштейндин ыкмасы менен жука чурайындагы чуркусу, 2 бейтаптын ичеги-карын жаткан жайынын чуркусу алынды. Ошондой эле диффуздук уулуу богок оорусу менен жабыркаган 2 бейтапка операция жасалды”,- деди дарыгер.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tima2014
2014-04-30 14:42:48
врачтарга барсан эле сойолу дейт экенда акча алыш учун боордошторго айтарым жакшылап текшерилип анан киргиле аператсияга .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан