Жалал-Абад шаарындагы жылдын мыкты мугалимин тандоо сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Жалал-Абад шаарындагы мектептердин арасында жылдын мыкты мугалимин тандоо сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган сынакта 1-орунду ээлеген Михаил Бабкин атындагы №1-гимназия-мектебинин мугалими Марат Абдуллин: "Сынакта 1-орунду ээлегениме талыкпай эмгек кылганым себеп болду. Шаар ичинен 1-орунга ээ болуп, облустук сынакка жолдомо алдым. Май айында облус боюнча сынак өткөрүлөт”,- деди.

Ал эми 2-орунду №19-мектептин англис тил мугалими Жаркын Төрөбаева ээледи. Ошондой эле 3-орунга Т.Кошматов атындагы №10-мектептин математика мугалими Гүлмида Төрөкулова татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев сыйлыктарды тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан