Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө жардам көрсөтүлдү (фоторепортаж)

Бишкекте 30-апрелде Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө коомдук «Help the Chidren - SKD» кайрымдуулук фонду тарабынан 920 миң сомдук каражаттык ар кандай дары-дармектер жана балдарга керектелүүчү каражаттар өткөрүлүп берилди.    

Онкология бөлүмүнө эки дем алууну көзөмөлдөөчү аппарат, суммасы 225 528 сомдук 3 даана кан оорулары менен жабыркаган бейтаптарга колдонулуучу химиялык реактивди анализдөөнү жүргүзүүчү каражат, 84 миң сомду түзгөн 6 муздаткыч, 5 отургуч-даараткана, дары-дармектер жана борбордогу бир нече азык-түлүк компанияларынан азык-түлүктөр берилди. Ошондой эле гемоглобинди ченей турган аппараттар жана үч майыптык араба тапшырылды. 

"Аталган фонд биздин борборго 7 жылдан бери көмөк көрсөтүп келет. Мында онкологиялык жана кан ооруларынан жабыркаган бейтаптар дарыланат. Алар химиотерапиядан, нур терапиясынан өтүшөт. Биздин борбор Бишкек боюнча аталган бейтаптарды дарылоочу жалгыз оорукана болуп эсептелинет”,- дейт аталган борбордун башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шайымбетов.   

Андан сырткары будда кечили Парк Жонг Сун кан препараттарын бекер алуу үчүн 63 миң сомдук сертификат тапшырды.  

"Биздин фонд балдардын онкология жана гематология бөлүмдөрүнө бир нече жылдан бери жардам берип келет жана келечекте да колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз",- дейт фонддун директорунун милдетин аткаруучу Елена Перевозникова

Кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнүн айтуусуна караганда, бул иш-чара биринчиси жана акыркысы эмес. Жыл сайын чоң суммадагы жардам көрсөтүлүп, балдар бөлүмүнө ай сайын азык-түлүктөр берилип турат. 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursyi
2014-05-01 19:13:52
. Балдар оорубасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан